Китептин кыскача маани-мазмуну
Курандын ар бир аяты түшүктүү жана ачык-айкын мааниге ээ. Куранды жаңы үйрөнө баштаган адамдын котормо аркылуу анын бийик даражалуу маанисин түшүнүүсү анча кыйын эмес. Мындан тышкары, ар бир аят көп түрдүүлүгү жагынан теңдеши жок байланыш системасынын бир бөлүгү жана көп жактуу терең мааниге ээ. Бүгүнкү доордогу спутник системасы өз ара бири-бирине байланыштуу болгондой, ар бир аяттын мааниси өзүнөн мурунку, кийинки келген аяттар жана сүрөөлөр менен тыгыз байланыштуу.
Жогоруда айтылгандардан улам эки нерсе айкын болот:
а) Курани каримдин котормосу канчалык мыкты жана түпкү нускага жакын болбосун, ар тараптуу мазмундар жана чексиз мааниге ээ Китеп болгондуктан, анын чыныгы маанисин толук таанып-билүү мүмкүн эмес. Чындыгында, Курани каримдин бул же тигил котормосун сунуш кылып: «Бул аркылуу окурманга Курани каримдин бардык мааниси толук ачылат», – деп билдирүүгө болбойт.
б) Кандайдыр бир өзгөчө темага тиешелүү бир топ аяттарды сунуш кылып: «Белгилүү темага тиешелүү ушул аяттар Курани каримдин таалимдеринин маңызы», – деп айтуу мүмкүн эмес. Эгер Исламдын финансылык системасын түшүндүрүү үчүн Курандан бир нече аяттарды алып: «Курани карим таалимдеринин мааниси толук сунуш кылынды», – деп айтылса, анда жогорудагы пикирден улам андай тыянак чыгарууга болбойт. Анткени, Исламдын финансылык системасынын философиясы жана анын руху Курани каримдин башка бир топ жерлеринде да баян этилген. Кээде ошол аяттар бир караганда, аталган темага тиешеси жоктой көрүнөт.
Дүйнөдөгү көпчүлүк адамдар ар түрдүү расага, каада- салттарга жана тилдерге ээ болгондуктан, алигиче ушул Китепти окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло элек. Ушундай кейиштүү жагдайда Курани каримдин котормосу дагы көбүрөөк зарыл жана маанилүү.
Өкүнүчтүүсү, өткөн он төрт кылымдын ичинде Курани карим болгону алтымыш беш тилге гана которулган. Ал эми («Ыйык китепти которуу институту» боюнча) Библия 1808 тилге которулуп чыккан.
Жогоркудай көрүнүштөн улам Эларалык Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн жүз жылдык маарекеси учурунда (1989) Курани каримди дүйнөдөгү элүүгө жакын ири тилдерге которуп, ушул ыйык ишти аткаруу ниетинде майданга чыкты. Быйыл Ахмадия Мусулман Жамааты Ахмадия хилаафатынын жүз жылдык маарекесин белгилеп жатат. Кудайдын колдоосу менен үстүбүздөгү жылга чейин Ыйык Куранды алтымыш сегиз тилге которуп, басмадан чыгардык. Ушул ыйык иш өтө тездик менен улантылууда.
Мындан тышкары башка тилдердеги Куран котормолору менен бирдикте Ислам таалимдеринен бейкабар же үстүртөн маалыматы барларды Ислам окуусу менен тааныштыруу максатында, азырынча Курани каримдин «Тандалма аяттарын» которуп чыгарууга аракет кылууда.
Биздин ушул чакан аракетибиз суусаган рухтарды сугарат деп үмүт кылабыз жана Алладан дуба сурайбыз. Ошондой эле окурмандарда Кудай тааланын чыныгы вахийи – Курани каримдеги толук-жетик хидаятты изилдөө кызыгуусу пайда болот деген үмүттөбүз.
Бул «Тандалма аяттар» китепчесиндеги камтылган маанилүү темалар төмөнкүдөй :
Алла таала, Периштелер, Пайгамбарлар, Курани карим, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам, Ибадаттар, Орозо, Алла тааланын жолунда сарптоо, Ажылык жана Каъба, Адамзатты Исламга чакыруу, Адеп- ахлак, Исламдагы финансы системасынын негизги принциптери, Жихад, Момундардын мүнөзү, Эркек менен аялдын тең укуктуулугу, Сүткорлуктун арамдыгы, Алдын ала кабарлар, Табиятты үйрөнүү, Курандагы дубалар, Жаттоо үчүн Курани карим сүрөөлөрү.
Алла тааланын колдоосу менен Ахмадия Мусулман Жамааты азыркыга чейин Курани каримди бир топ тилдерге которуп, бастырып чыгаруу сыймыгына ээ болду. Алардын айрымдары:
Кыргызча, орусча, өзбекче, бенгал, дания, голландия, англис, фантий, фижиян, француз, немец, гормукхий, хоуса, индонезия, италия, кикую (kikuyu), уганда, португалия, сапранто, савахилий, швеция, урду, юруба ж. б.
Биз өтө сыймыктануу менен муну билдиребиз: андан тышкары дагы бир топ тилдердеги котормолор даяр болуп калды. Кудай буюрса, жакында басмадан чыгат.
Курани каримдин ар кандай тилдеги котормолоруна кызыккандар бастыруучулар же дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө жайгашкан Ахмадия Мусулман Жамаатынын даъват жүргүзүү борборлоруна кайрылыңыздар.
Бул китепчедеги аяттардын үстүндө берилген темалар Ыйык Куран текстинин бөлүгү эместигин эстен чыгарбагыла. Ошондуктан, алар аяттардан өзүнчө жазылган.
Ушул «Тандалма аяттар» китепчесиндеги аяттарды Ахмадия Мусулман Жамаатынын төртүнчү халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад рахимахуллаах тандаган.
Аршад Мехмуд
Кыргызстандагы
Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси